ЭлКарт Мобайл колдонмосу IOS колдонуучулары үчүн жеткиликтүү
Биз IOS операциялык системасынын колдонуучулары үчүн Элкарт Мобайл колдонмосу иштеп баштагандыгы тууралуу жарыялайбыз. Бул колдонмо өздүк картадагы эсебиңизди уюлдук телефон же планшет аркылуу башкарууга мүмкүндүк берет.
Элкарт Мобайлды жүктөө менен сиз төмөнкүлөрдү аткара аласыз:
- картанын балансын көрүү;
- эсеп тууралуу кичине-көчүрмө алуу (акыркы 10 бүтүмгө чейин);
- төлөм баяндамасын көрүү (карталардын колдонмого байланышынан тартып);
- коммуналдык төлөмдөрдү төлөө;
- бир Элкарт картасынан экинчи Элкарт картасына заматта акча которуу
- жеткиликтүү банкоматтардын картасын көрүү.
Буга чейин, колдонмо Android колдонуучулары үчүн чыгарылса, азыр Элкарт Мобайл App Store жана Google Play дүкөндөрүндө жүктөөгө жеткиликтүү.
* Жагымдуу жаңылык! 2018-жылдын июль айына чейин Элкарт Мобайл мобилдик колдонмосунда аткарылган операциялар үчүн кошумча каражат төлөнбөйт.
Элкарт Мобайл ишенимдүү, тез жана ыңгайлуу!