Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Азия банкы 100 миллион сомдук облигацияларды чыгаруу боюнча келишимге кол коюшту
21-май күнү Бишкек шаарында, «Кыргыз фондулук биржасы аркылуу максаттуу каржылоо» программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы @developmentbank.kg менен «Азия Банкы» ЖАКнын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюу расмий аземи болуп өттү.
«Азия Банкы» бул келишимге кол койгон алгачкы банк болду. ⠀
Келишимге ылайык, «Азия Банкы» ЖАК жалпы суммасы 100 000 000 сом болгон максаттуу социалдык облигацияларды басып чыгармакчы.
Бул облигациялардын 80%ын долбоордун алдыңкы инвестору жана өнөктөшү болгон Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы алмакчы. Пайыздык ставкалар боюнча рыноктогудан төмөнүрөөк болгон кредиттер Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү долбоорлорго, тактап айтканда, аялдардын ишкердигин каржылоого багытталат.