• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Миссия жана баалуулуктар

Адамдарга келечекте эркиндикти жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуучу ишеничтүү жана туруктуу каржы институту болуу.

"Азия Банкы" ЖАК  үчүн миссия - бул кызмат кылган иш, акча табуудан тышкары анын иштөөсүнүн маңызы. Бул миссия бизнестин баалуулуктарын жана принциптерин калыптандырат, Банктын багытталышын, анын көз карашын чагылдырат.  "Азия Банкы" ЖАК  үчүн негизгиси – карадрларга жана компаниянын миссиясын аткаруу үчүн өзүнүн дараметин башкарууга жөндөмдүү лидерлерди чоңойтууга жардам берүү.

Бириккен команда

"Азия Банкы" ЖАК активи болуп ар бир кызматкер өзүнүн иши үчүн жоопкерчилик тарткан инсандардан түзүлгөн команда саналат. Банк ар бир кызматкер өзүн компанияны өстүрүүгө жана өнүктүрүүгө жөндөмдүү лидер катары сезишин көздөйт.

Банктын милдети болуп натыйжалуу жана бириккен команданы калыптандыруу гана эмес, ошондой эле максаты Банк алдына койгон амбициялык максаттарга жетүү мүмкүндүгүн берген лидерлерди, алардын таланттарынын жана ийгиликтеринин өсүшүн колдоо чу корпоративдик маданиятты түзүү саналат. Банктын командасында мамилелер ишенимдин, ак ниеттүүлүктүн, ачыктыктын, колдоонун негизинде түзүлөт.

"Азия Банкы" ЖАК кызматкерлер бири бирине сый мамиле кылышат, бири биринин ой пикирин эске алышат, компаниянын миссиясын жүзөгө ашыруу үчүн өз ара аракеттенишет.

Канааттанган кардар

"Азия Банкы" ЖАК бардык аракети алдыга коюлган миссияны аткарууга багытталган. Банк өзү үчүн кардар бир жолу "Азия Банкы" ЖАК тандап алып, мындан ары да өзүнүн пикирин алмаштырбастан, эң мыкты тейлөө кызматын, жогорку сапаттагы сервисти "Азия Банкы" ЖАК гана алаарына ишенишин максат кылат.

Банктын кызматкерлери кардарлардын керектөөлөрүн жана каалоолорун терең изилдөө жана түшүнүү аркылуу кардарды тейлөөнүн сапатын жана анын Банкка лоялдуулугунун деңгээлин жогорулатуунун үстүнөн туруктуу иштерди жүрүзүшөт.

Өнүгүү

"Азия Банкы" ЖАК баштапкы максаты Кыргызстандын мыкты банктарынын катарына кирүү, активдерди өстүрүү, жакшы өнүккөн инфротүзүмгө, натыйжалуу ички башкарууга, позитивдүү имиджге жана биргелешкен күчтүү командага ээ болуу.

Бүгүнкү күндө "Азия Банкы" ЖАК жогоруда аталып кеткен бардык тапшырмаларды аткарууга жетише алды. Банк үчүн кийинки приоритет болуп технологиялык модернизациялоо жана жаңы технологияларды интеграциялоо аркылуу бекемдөө жана өнүгүү саналат. Мындан тышкары чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн таза экосистеманы түзүү, корпоративдик социалдык жоопкерчиликти жана Банктын туруктуу өнүгүүсүн бекемдөө боюнча активдүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Жогоруда берилгендин бардыгы Банкка жогорку натыйжаларга туруктуу жетишүүгө мүмкүндүк берет.

Ишеничтүүлүүк

Банк таянууга жана ишенүүгө мүмкүн болгон институт болушуна мүмкүндүк берген Банктын миссиясынын бири болуп ишеничтүүлүк саналат. "Азия Банкы" ЖАК кардардын алдында өзүнө алган милдеттенмелерди аткарат, өзүнүн жалпы абалы, насыяга жөндөмдүүлүгү жана төлөөгө жөндөмдүүлүгү тууралуу ачык маалыматты берет.

Өзүнүн кардарларынын кызыкчылыктарын коргоого максималдуу даяр болуу үчүн "Азия Банкы" ЖАК саясий озгорүүлөр жана экономикалык факторлор менен шартталган пайда болгон тобокелдиктерди кылдат мониторингдейт.

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию