Жаңы Интернет-эквайринг кызматы ишке ашырылды
Урматтуу кардарлар!
"Азия Банкы" жаны Интернет-эквайринг кызматын ишке ашырганын кубаныч менен жарыялайт. Эми сиз үйдөн чыкпастан, сатып алуулар үчүн интернет аркылуу төлөй аласыз. Тейлөө "Элкарт" төлөм карталарынын бардык колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.
Интернет-эквайрингдин кардарлар үчүн артыкчылыктары:
- Коопсуздук: сатып алуучуда төлөмдүн далили бар болгондуктан, сатуучу тарабынан алдамчылыктын болушу азаят.
- Жөнөкөйлүк: сатып алуу үчүн үч жөнөкөй кадамды аткаруу керек:
• товар тандоо
• тапшырык үчүн төлөө баракчасына өтүү
• төлөм картасы менен маалымат киргизүү
- Ыңгайлуулук: нак акчанын кереги жок.
Кызматты кошуп алуу үчүн "Интернет-төлөмдөр" кызматына кирүү мүмкүнчүлүгүн алууга арыз жазуу жетиштүү, жаныңызда паспорт жана төлөм картасынын болушу зарыл. Бул учурда, эч кандай кызмат акы төлөө талап кылынбайт.
Интернет-эквайринг кызматын биздин өнөктөшдүн сайттарында колдоно аласыздар
- www.ticket.kg - кино, театр, концерт, семинар, тренинг жана түрдүү иш чараларга билеттерди онлайн аркылуу сатып алуу.
- www.bookit.kg - ата мекендик жана эл аралык учуулар үчүн аба билеттерин онлайн сатып алуу.
- www.autoshina.kg - автоунаа шиналарын, май жана аккумуляторлорун онлайн дүкөнү Бизнес жана юридикалык жактар үчүн маалымат
Урматтуу ишкерлер!
Сиздерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, соода борборуңуздар үчүн Интернет-эквайринг кызматын кошуп берүү бизге кубаныч тартуулайт. Кошулуу ыкмасы тууралуу толук маалыматты төмөнкү номерден алууга болот: +996 312 31-00-21.