• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

"Азия банкы" ЖАКтын кызматкерлери “Аптаптуу жай” акциясынын жыйынтыгы боюнча алдыңкы орундарды ээледи

29 ноябрь, 2017-жыл

“28-ноябрь күнү Гарантиялык фонд” ААКсынын башкы кеңсесинде Кыргызстанда иш алып барып жаткан банктардын кредиттик адистеринин арасында өткөрүлгөн “Аптаптуу жай” акциясынын жыйынтыгы чыгарылды. Аталган Фонд сунуштап жаткан мүмкүнчүлүктөрдү кеңири жайылтууда кредиттик адистерге дем берип, иш сапатын арттырууга өбөлгө түзүү - өткөрүлгөн акция көздөгөн негизги максаттан болгон.

Ошентип, ушул иш-чарага катышкан 7 коммерциялык банктын ичинен "Азия Банкынын" кызматкерлери төмөнкү номинациялар боюнча алдыңкы орундарды ээлөөгө жетишкен:

  • "Борбор" филиалы чакан жана орто бизнес субьекттерине акциянын чегинде гарантиялар менен камсыздалган кредиттерди сунуштоо ишин натыйжалуу жөнгө салып, уюштургандыгы үчүн “Эң мыкты филиал” номинациясы боюнча II орунга татыктуу болгон.

«Бишкек шаары боюнча гарантиялар аркылуу сунушталган кредиттер” номинациясы боюнча: 

  • I- орунду - Банктын “Курулуш” филиалынын Кредиттик бөлүмүнүн начальниги Жумагулов Айбек, ал эми 
  • II- орунду "Киевская» филиалынын чакан жана орто бизнести кредиттөө боюнча кредиттик эксперти  Бузурманкулов Медер жеңип алышкан

Банк тарабынан 2017-жылдын март айынан сентябрга чейинки аралыкта аталган Фонд тарабынан сунушталган гарантиялардын алкагында берилген кредиттик ресурстардын жалпы көлөмү  43 миллион сомдон ашкан.

Жакындан колдоо көрсөтүп, кредиттөө чөйрөсүн кеңейтүү мүмкүнчүлүк түзүп, башка банктардын ичинден "Азия банкы" ЖАКтын бул багытта жүргүзүп жаткан ишине татыктуу баа берген "Гарантиялык фонд" ААКсына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.  

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию