Workland Вакансиялар ярмарка
1-июлда “Азия банкы” ЖАК Ololo Planetте өткөн Workland Вакансиялар ярмаркасында иш берүүчү катары активдүү катышты. Ярмаркада Мбанк, Demir Банк, Beeline, Lalafo, Asia ритейл, Эко Исламик Банк жана башка ушул сыяктуу ири иш берүүчү компаниялар катышты.
Катышуунун жыйынтыгында it-чөйрөсүнөн жана маркетингинен 70ке жакын резюмелер алынды, ал эми айрым талапкерлер биздин Банкка маектешүүгө чакырылды.
Вакансиялар ярмаркасы жарандардын иш менен камсыз болушуна көмөк көрсөтүү боюнча активдүү чаралардын бири болуп саналат. Бул иш берүүчүлөр жана жумуш издегендердин, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн жана кесиптик окуу жайлардын жолугушуу аянты болуп саналат.