КР Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлери үчүн семинар өткөрүү
Борбордук Азия Университети Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Дүйөлүк банктын колдоосу менен "Digital CASA - КР" долбоорунун алкагында 2023-жылдын 3-4-майларында «Санариптик көндүмдөр жана санариптик трансформацияны башкаруу» темасында эки күндүк семинар өткөрдү.
Семинар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлеринин дараметин жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Бул семинардын алкагында Маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн кызматкери Сейтек Курманов «Мамлекеттик органдардын жетекчилери үчүн маалыматтык коопсуздук» жана «Электрондук-санариптик кол тамга» темаларындагы окууну алып барды.