Азия Банкы JIA Бизнес Ассоциациясынын резиденти болду
Биз Азия Банкы JIA Бизнес Ассоциациясынын резиденти болуп калгандыгын кубаныч менен кабарлайбыз. Бул маанилүү окуя биздин жергиликтүү бизнес-коомчулуктарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жигердүү ишибизди чагылдырат.
JIA Ассоциациясы 1200дөн ашык компанияларды, кичи, орто жана ири бизнести бириктирип, аларга тажрыйба алмашуу, окутуу жана өз ара аракеттенүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет.