• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Участие в ежегодной церемонии открытия торгов «Ring the Bell for Gender Equality – 2023»

06 март, 2023-жыл

2023-жылдын 3-мартында Novotel мейманканасында «Азия Банкы» ЖАКсы Кыргыз Фондулук Биржасы (КФБ) менен биргеликте Кыргызстандагы «БУУ-аялдар» түзүмү, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Туруктуу фондулук биржалар (UN SSE) демилгесинин алкагында Эл аралык финансы корпорациясы (IFC)  өткөргөн «Инновация жана санариптик экономика» темасында гендердик теңчилик боюнча сооданын ачылыш аземине катышты.

Санарип технологиялар тармагын жаңы сапаттык деңгээлге көтөрө ала турган инновациялык идеялар мурдагыдан да көбүрөөк суроо-талапка ээ. Аялдардын ишкердигинин өкүлдөрүнүн санариптештирүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилей кетүү керек, көптөгөн демилгелер аялдар тарабынан келип чыгууда, алар өздөрүнүн ийгиликтери менен өнүгүүнүн бардык деңгээлдеринде гендердик теңчиликтин маанилүүлүгүн көрсөтүп жатышат. 

Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн дүйнөлүк биржаларды бириктирген БУУнун “Туруктуу фондулук биржалар” демилгесинин мүчөсү катары Кыргызстандын фондулук биржасы жыл сайын  аялдардын эл аралык күнүн майрамдоого арналган «Ring the Bell for Gender Equality» аземин өткөрөт.

Өз кезегинде, «Азия Банкы» ЖАК Кыргыз Республикасындагы ишкер аялдарды колдоо үчүн биринчи Гендердик облигацияларды чыгаруу менен ар кандай чөйрөлөрдө, өзгөчө бизнесте жана финансыда аялдардын тең укуктуулугуна жетишүүнү жактайт.

Облигациялардан түшкөн каражаттын аркасында чакан жана орто бизнестин ишкерлери жеңилдетилген насыяларды ала алышат.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию