• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

SMS-билдирүү кызматына кошулгула!

30 август, 2017-жыл

«Азия Банкы» ЖАК өз кардарларына ыңгайлуу SMS-билдирүү кызматын сунуштайт, ал VISA жана ЭЛКАРТ төлөм карттары аркылуу ишке ашырылган бардык операциялар тууралуу ыкчам  маалымат алууга өбөлгө түзөт. Кайндай болбосун маалымат  дароо эле уюлдук номерге SMS - билдирүү түрүндө келип түшөт. Демек, акча каражатынын жылышына туруктуу көз салып, алдамчылыктан сактануунун эң мыкты ыкмасынан пайдаланып калууга үлгүргүлө!.

Кызмат көрсөтүү өзгөчөлүгү:

▪ банктык эсепти дайыма контролдоп туруу;

▪ пайдаланууда анын ыңгайлуулугу жана жөнөкөйлүүлүгү (автоматтык түрдө билдирүү);

▪ SMS санына карабастан, блгиленген комиссиялык төлөм;

▪ SMS–билдирүү картты коргоо каражаттарынын бири болуп саналат. Карттан кимдир бирөө акча чыгарып алгандыгы тууралуу билдирүү алуу менен картка дароо бөгөт койдуруп, уурдоолорго жол бербөө чарасын көрүүгө өбөлгө түзүлөт.

Кызмат көрсөтүүгө кантип кошулуу керек?

▪ Банктын жакынкы кеңсесине барып, тиешелүү өтүнүч катты толтуруп, банк менен келишим түзүү зарыл.

▪ Кызмат көрсөтүүгө келишим түзүлгөндөн кийинки бир күн ичинде кошулууга болот.

Маанилүү маалымат:

▪ Картты же пин-кодду башка бирөөгө берүүгө катуу тыюу салынат.  Пин-код жазылган конвертти дароо жок кылып, пин-кодду эске тутуп калуу зарыл.

▪ Учурда  SMS-билдирүү Megacom, Beeline жана O уюлдук операторулорунун бардык абоненттерине сунушталат!

▪ Карттын колдонуу мөөнөтү бүткөн учурда кызмат көрсөтүүдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө дароо чек коюлат.

▪ Комиссиялык төлөм  карт эсебинен ар бир айдын акырында, алдыдагы ай үчүн алынат.

▪ Кызмат көрсөтүү наркы туруктуу жана айына 35 сомду түзөт (жөнөтүлгөн SMS билдирүүнүн санына көз карандысыз). «Азия Банкы» ЖАКтын карты аркылуу пенсия жана социалдык төлөөлөрдү алуучулар үчүн кызмат көрсөтүү –АКЫСЫЗ сунушталат!

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию