• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун сом түрүндөгү кредиттеринин чени 10% чейин төмөндөдү

24 август, 2017-жыл

Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду 2017-жылдын 15-августунан тартып чакан жана орто бизнес долбоорлору үчүн сом түрүндөгү кредиттер  боюнча пайыздык ченин төмөндөткөн. Эми жеңилдетилген кредиттерди жылдык 10% менен алууга болот.

Бул чечим аталган Фонддун башкармасынын акыркы отурумунда кабыл алынган жана  Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө андан ары өбөлгө түзүү максатын көздөйт.

Буга чейин сом түрүндөгү кредиттердин чени жылдык 12% болгондугун эсиңиздерге сала кетели. Банк – өнөктөштөр аркылуу АКШ долларында кредиттөөнүн чени мурдагыдай эле - жылдык 5% чегинде калган.

 Ал эми 1 млн. АКШ доллар эквивалентиндеги сом түрүндө кредиттерди Фонддун 13 өнөктөш банкы, анын ичинде "Азия Банк" ЖАК аркылуу алууга болот.

Өнүктүрүү фонду иштеп жаткан 23 ай ичинде  246 миллион АКШ доллары суммасында 758 долбоорду каржылоого алган, мунун   727 – чакан жана орто бизнести каржылоого багытталган.

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию