Куралдуу кагылышуудан жабыркаган кардарлардын арыздарын кароого карата
Урматтуу Банктын кардарлары,
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2-(НУА) токтомуна ылайык, Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштардын терс таасирине байланыштуу насыялык макулдашуулардын шарттарын өзгөртүү (анын ичинде насыяларды реструктуризациялоо) өтүнүчү менен кайрылган кардарлардын арызын кароого даяр экендигин билдиребиз.
Толук кеңеш алуу үчүн банктын бөлүмдөрүнө кайрылсаңыз болот.