• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Элкарт» үчүн жаңы логотипти иштеп чыгууга сынак

23 август, 2017-жыл

  «Азия Банкы» ЖАКтын өнөктөшү «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК  Элкарт» төлөм системасынын жаңы автордук логотибин иштеп чыгууга.дизайнерлер үчүн сынак жарыялайт. Логотип «Элкартты» Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн элементтеринин бири, ошондой эле «Элкарт» улуттук төлөм системасын өнүктүрүүнүн жаңы баскычы катары каралууга тийиш. Логотип белги-символдордон жана жазуулардан (эски концепциядагыдай) сыяктуу эле, шрифттерден, объекттер тобунан, тамга белгилеринен же дизайнердин көз карашы боюнча башка иллюстрациялык белгилерден турушу мүмкүн.

Маанилүү өзгөчөлүк:

Логотип бир же эки түстү гана камтууга тийиш. Логотип улуттук төлөм системасына тиешелүү болгондуктан, бүтүндөй банк чөйрөсүндө кеңири колдонулушу зарыл, бирок анын бир түстө болушу милдеттүү шарт. Системанын өзгөчөлүктөрү жана башка банктардын карттарында колдонула тургандыгын эске алуу зарыл.

Сыйлык  фонду:

1 орун, сынактын жеңүүчүсү - 30.000 сом

2  орун, кызыктыруучу сыйлык - 5 000 сом

3 орун, кызыктыруучу сыйлык - 3 000 сом


* Жеңүүчүгө бренд менен андан ары иштөө да сунушталат (шарттары БПБ менен өзүнчө макулдашылат).

 

Сынак 2017-жылдын  15- сентябрында аяктайт.

Жеңүүчүлөр 2017 –жылдын 30-сентябрынжа жарыяланат.

Сынактын калыстары – эки кесипкөй дизайнер (сынакка катышпаган) жана  "Элкарт" төлөм системасынын жетекчилиги.

 

Аткарылган эмгектерди Бантар аралык процессинг борборуна төмөнкү электрондук дареги боюнча жөнөтүүнү өтүнөбүз  - [email protected]

 Бардык суроолор  боюнча аталган борборго: (0312) 63 77 48 ички (129) телефону боюнча кайрылсаңыз да болот.

* Сынак жеңүүчүсүнүн дизайнын колдонуу чечимин уюштуруучулар кабыл алат. Сынактын талабына жооп бербеген же алардын күтүүлөрүн актабаган варианттар сунушталган шартта (талапка жооп бербеген же кесипкөй мүнөздө аткарылбаган), уюштуруучулар сынак жеңүүчүсүн аныктабай коюуга укуктуу. 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию