«Банк Азии» ЖАК турак жайларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча тейлөө кызматтарын сунуш кылат
«Азия Банкы» ЖАКтын кардарлары КРдин “Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу тууралуу” Мыйзамына ылайык турак жайларын камсыздандыра алышат.
Камсыздандыруу учурунун түз таасир тийгизүүсү жана болуусунун натыйжасында милдеттүү түрдө камсыздандыруунун объекти болуп турак жайлар, ошондой эле алардын конструкциялык элементтери (чатыр, дубалдар, фундамент, терезелер, газ, суу, жылуулук жана канализация өткөрүүчү системалары), жасалгалоонун элементтери саналат.
Камсыздандыруу учурлары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өрт, анын ичинде камсыздандырылбаган жайдын ичинде болсо;
2) өрттү өчүрүү боюнча укук ченемдүү аракеттерди жүргүзүүнүн натыйжасында суунун кириши;
3) табигый мүнөздөгү табигый кырсыктары.
Турак жайды камсыздандыруу үчүн милдеттүү түрдө Банкка турак жайдын техникалык паспортун алып келүү жана Камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруу полиси) түзүү зарыл.
Кошумча маалымат үчүн Банкка, ошондой эле Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна түздөн түз кайрылсаңыздар болот: расмий сайты: http://gso.kg/.
Байланыш телефону: +996 (312) 900 124.