• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Азия банкы» ЖАК ишкер аялдардын эл аралык күнүнө карата биринчи гендердик облигацияны чыгарууга максат койду.

07 сентябрь, 2022-жыл

Туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегиянын алкагында «Азия банкы» ЖАК гендердик облигацияны чыгарууну пландаштырууда, анын максаты бизнес-долбоорлорду каржылоо аркылуу Кыргыз Республикасынын ишкер аялдарын колдоо болуп саналат.

Бул максаттар үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгы жана БУУ Аялдар түзүмү Азия банкы менен биргеликте 2022-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасындагы социалдык облигацияларды өнүктүрүү маселесине арналган 2-жолку тегерек столду өткөрдү.

Тегерек столдо КР Президентинин Администрациясынын, КР Экономикалык саясатын изилдөө институнунун, Кыргыз фондулук биржасынын, БУУ аялдар түзүмүнүн, UN RCO, Дүйнөлүк банктын, USAID, АӨБнын өкүлдөрү, KfW, IFC, KOICA, КР Европалык бирлигинин өкүлчүлүгү, КР өнүктүрүү боюнча Ага Хан уюму, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Астана жашыл финансы борбору (GFC), Бишкектеги GFC өкүлчүлүгү, Сенти финансылык компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столду ачуу менен КР Президентинин Аппаратынын саясий жана экономикалык башкармалыгынын начальниги А.Н.Исанов социалдык облигацияларды чыгаруунун жана алардын мүмкүнчүлүктөрүнүн маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылды.  «Кыргызстанда ESG-облигацияларды өнүктүрүү үчүн бардык шарттар бар жана бүгүнкү күндө «Азия банкы» ЖАК социалдык гендердик облигациялардын биринчи банк-эмитенти болот, анын программасы ишкер аялдардын бизнесин өнүктүрүүгө, элдин байгерчилигин жана аялдардын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган. Гендердик теңчиликке жетүү жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу Туруктуу өнүктүрүүнүн максатында чагылдырылгандай адамзаттын өнүгүшү жана анын потенциалын толук ишке ашыруу үчүн чечүүчү мааниге болуп саналат», - деп Алмаз Насирдинович белгилей кетти.

Тегерек столдо Азия банкы гендердик облигацияларды чыгаруу долбоорун, программанын максатын, жайгаштыруу көлөмүн, каржылоо объекттерди тандоонун критерийлерин, ошондой эле долбоордун жол картасын тааныштырды. Эл аралык уюмдардан келген катышуучулар ишкер аялдардын кичи жана орто бизнестерин колдоо жана өнүктүрүү максатында ресурстардын наркын төмөндөтүү үчүн купондук коюмду субсидиялоого катышуу тууралуу сунуш алышты. Катышуучуларынын бири Кыргыз фондулук биржасы болгон тегерек столдук алкагында Кыргызстандын жашыл экономикасын өнүктүрүүнүн драйвери катары туруктуу облигациялардын рыногун өнүктүрүүнүн маанилүү жана чоң перспективалары белгиленди.

Социалдык облигациялардын чыгаруу долбоорун илгерилетүүдө «БУУ-Аялдар» уюму активдүү катышат, ал ишкер аялдарды тандоо критерийлерин иштеп чыгууда жана биринчи гендердик облигацияларды чыгарууну даярдоо боюнча процессти фасилитациялоодо көмөк көрсөтөт, ошондой эле мындан аркы мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого, каржылоо долбоорун түздөн-түз кароонун алдында активдүү катышат. Кыргызстандагы «БУУ-Аялдар» түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран төмөнкүлөрдү белгилей кетти: «Гендердик облигацияларды чыгаруу ишкер аялдар үчүн күчтүү таяныч болуп бермекчи. Аялдардын бизнеске катышуусун колдоо жана жайылтуу, аларга өз ишин кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү керек. Аялдар өзгөрүүдөгү чечүүчү жол көрсөткүч болуп саналат жана алардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу бардык коомго пайда келтирет».

Бардык катышуучулардын талкуусунун жыйынтыгы боюнча гендердик облигацияларды чыгаруу долбоорун колдой тургандыгы билдирилди. Анын ичинде USAID, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, IFC, БУУ жана башка түзүмдөр сыяктуу эл аралык уюмдар тарабынан ишкер аялдарды колдоо боюнча долбоорлорду каржылоонун критерийлерин аныктоодо да, долбоордун социалдык-экономикалык натыйжасына андан ары мониторинг жүргүзүүдө да долбоорго техникалык колдоо көрсөтүү жөнүндө макулдашууга жетишти.

Маалымат үчүн:

Социалдык облигацияларды чыгаруунун классикалык түрүнөн айырмасынын бири социалдык долбоорлорго багыттала турган каражаттарды тартуунун максаттуу облигациясы болуп саналат жана Капитал рыногунун эл аралык ассоциациясы (ICMA) тарабынан бекитилген эл аралык принциптерге ылайык чыгарылат. Социалдык облигацияларды чыгаруу долбоорун верификациялоону ICMA жана Climate Bonds Initiative тарабынан аккредиттелген Борбордук Азиядагы бирден бир компания болуп саналган Астана GFC жашыл финансы борбору жүргүзөт. Мисалга алсак, GFCнын берген маалыматтары боюнча Казакстандын рыногунда жашыл облигациялар жана кредиттер Жашыл финансы борбору тарабынан верификацияланган жана Global Green Finance Index ылайык Чыгыш Европада жана Борбордук Азияда №1 эл аралык  таанууга ээ болду.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию