Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен!
Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз!
31-август эгемендүү мамлекетибиздин түптөлүшүнүн тарыхындагы эң маанилүү дата болуп эсептелинет, ал эркиндиктин, биримдиктин жана элдин рухунун улуулугунун символу катары саналган.
Бул күнү чын жүрөктөн ден соолук, чоң үй-бүлөлүк бакыт, туруктуулук жана гүлдөп -өнүгүү каалайбыз. Ар бир күн кубанычка, жылуулукка жана жаңы жетишкендиктерге толсун, сиздердин жасаган жакшы иштериңиз өлкөбүздүн жыргалчылыгына кызмат кылсын.
Тынчтык жана бакубатчылык болсун!