• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Азия Банкы» түштүктөгү филиалдарында майда, чакан жана орто бизнести каржылоо долбоору боюнча кредиттөө ишин баштады

07 август, 2017-жыл

«Азия Банкы»  майда, чакан жана орто бизнести каржылоо долбоору боюнча Ош жана Жалал-Абад областтарында жигердүү кредиттөө ишин баштады. Ушуга байланыштуу, банктын  ушул областтардагы кеңселеринин кредиттик бөлүмдөрүнө 30-июлдан 6-августка чейин тажрыйбалык такшалуудан өтүүчүлөрдү тандоо жумалыгы өткөн. Келечектеги кредиттик адистер кредиттөө иши жана финансылык талдап-иликтөө технологиялары боюнча эки күндүк окуудан өтүп, тажрыйбалык  такшалуудан ийгиликтүү жыйынтыктагандар «Азия Банкынын» ынтымактуу эмгек жамаатына мүчө болуп, кредиттик эксперттердин катарын толукташты.

Бишкектен аталган региондорго атайын келишкен банктын Прсонал менен иш алып баруу бөлүмүнүн адистери такшалуудан өтүүчүлөрдү тандоо менен бирге эле, Жалал-Абад жана Оштогу  филиалдардын жана аманат кассаларынын кызматкерлери үчүн «Биринчи класстагы тейлөө» темасында семинарларды уюштурган. Семинар оюн түрүндө жеңил формада өтүп, кызматкерлер банк ишинде топтолгон баалуулуктар, анын миссиясы жана милдеттери тууралуу кең-кесири баяндап берүүгө жетишти. Айрыкча орун алган пикир келишпестиктерди, нааразычылыктарды өз учурунда жөнгө сала билүү ыкмаларын өздөштүрүүсү, позитивдүү маанайда кардарды уга билип, жардам көрсөтүү ниеттери байкалып турду.

  «Азия Банкы» ЖАКтын төрагасынын кредиттик ишти жөнгө салган орун басары  Эдиль Исмаиловдун сөзү боюнча: «Чакан жана орто бизнес үчүн кредиттер – бул, жеке ишкерлер үчүн бизнесин өнүктүрүүгө берилген кредиттер жана кредиттик линиялар, өндүрүш көлөмүн кеңейтүү жана арттыруу үчүн зор мүмкүнчүлүк. Биз үчүн бул маанилүү окуя болуп саналат,  кредиттөө чөйрөсүн акырындап кеңейтүүгө өбөлгө түзөт».

  «Азия Банкы» ЖАКтын майда, чакан жана орто бизнести каржылоо долбоору  2016-жылдын ноябрынан тартып жөнгө салынган.  Банк өз кардарларына кредиттин кеңири түрүн, ошондой эле пайдалуу жана ыңгайлуу кредиттөө шарттарын сунуштайт. Өндүрүштү же товар сатуу, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо же айыл чарба ишин камтыган иш чөйрөлөрүн каржылоого багытталган.

  «Азия Банкы» ЖАКта кредиттөө өзөчөлүктөрү:

• ыңгайлуу төлөө шарттары;

• өз алдынча мамиле кылуу, кредиттик эксперттердип ар бир кардар менен өз алдынча иш алып баруусу;

• келип түшкөн документтерди кыска мөөнөт ичинде кароого алуу;

• кардардын муктаждыгына жараша банк бир жолку кредитти сунуштап, же кредиттик линия ача алат.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию