Абайлыга, алдамчылар!
Урматтуу кардарлар,
Картаңыздын дайындарын жашыруун сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө Сиздерге билдиребиз.
Эгер ар кандай оюндардын жүргүзүлүп жаткандагы тууралуу жана ага катышуу үчүн шилтеме аркылуу кирүү зарылдыгы жөнүндө, эгер картанын номерин, жарамдуулук мөөнөтүн, арткы бетиндеги 3 белгиден турган кодду, Элкарт Мобайлтиркемесинин логини жана паролу сыяктуу картаңыздын же тиркемеңиздин дайындарын киргизүүнү талап кылган билдирүүлөрдү алып жатсаңыз, мындай билдирүүлөрдү көңүлгө албооңузду көптөн-көп сунуштайбыз. Сиз дайындарды киргизгенден кийин кылмышкерлер картаңыздагы акча каражаттарга толук уруксат алат.
Сак болушуңузду жана ар кандай шектүү жагдайларда Банкка билдирүүңүздү өтүнөбүз.