Төраганын жаңы орун басары дайындалды
2017-жылдын 21-июнунда буга чейин “Азия Банкы” ЖАКтын башкы бухгалтеринин кызматын аткарып келген Шокенов Мыктыбек Кубанычбекович банктын Төрагасынын орун басары кызматына киришти.
Мыктыбек Кубанычбекович финансы-банк чөйрөсүндө 18 жылдан ашуун жалпы эмгек стажына ээ болуп, анын ичинен 13 жыл банк системасында иштеп, операциялык иш багытын, финансылык талдап-иликтөөлөр жана бухгалтериянын ишин жетектеп келген. 2010-жылдан 2017-жылга чейин “Азия Банкы” ЖАКтын башкы бухгалтери кызматын аркалаган.
Мамлекеттик кызматтарда жана долбоордук жана менчик уюмдарда да иштеп, тажрыйба топтоп, мугалимдик ишти да айкалышта аткарууга жетишкен. Эл аралык финансылык отчетту өздөштүрүү боюнча дипломго (АССА ДипИФР) жана CAP сертификатына ээ. Бир катар илимий жана аналитикалык макалалардын автору. Учурда Кыргыз банктар бирлигинин окуу борборунда “Бухгалтердик банктык эсеп” курсу боюнча лекция окуйт.
2017-жылдын июль айында “Азия Банкы” ЖАКтын Башкармасынын Төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.