"Азия Банкы" ЖАКка Башкарманын жаңы төрагасы дайындалды
2017-жылдын 13-июлунда “Азия Банкы” ЖАК Башкармасынын төрагасынын кызмат ордуна Атакишиева Земфира Акишовнанын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашылды. Буга чейин ал аталган банктын Башкармасынын төрагасынын финансы-экономикалык маселелер боюнча орун басары кызматын аркалап келген.
Атакишиева Земфира Акишовна 36 жылдан ашуун эмгек стажына ээ, анын ичинен 20 жыл банк чөйрөсүндө эмгектенген. Акыркы 10 жыл аралыгында “Азия Банкынын” Банктык төлөм кызмат көрсөтүүлөр башкармалыгы, Төлөмдөр жана эсептешүүлөр башкармалыгы, Жаңы маалымат технологияларын колдонууга киргизүү бөлүмү, Маалымат технологиялары бөлүмү сыяктуу бир эле учурда бир нече маанилүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин түздөн-түз тескөөгө алып келген.
Мыкты кесипкөй, Кыргыз банктар бирлигинин “Эң мыкты кызматкер” төш белгисине жана Ардак грамотасына татыктуу болгон Земфира Акишовнага ийгиликтерди каалайбыз.