• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Азия Банкы» ЖАК «Азия Банкынын Fin Olimp-Boot camp 2022» финансылык олимпиадасын колдоду

28 март, 2022-жыл

Global Money Week алкагында өткөн «Азия Банкынын Fin Olimp-Boot camp 2022» көптөн күткөн олимпиадасы аяктады.

Ушул долбоор 2018-жылдан тартып жыл сайын өткөрүлөт жана бул убакыт ичинде олимпиадага 5000 студент катышты, алардын ичинен 50 студент жумушка орноштурулду. «Азия Банкынын FinIOlimp – BootCamp 2022» үч этапка бөлгөн:

  • I тур - 15 мартта болуп өттү. Дисциплиналардын негизин түшүнүүгө онлайн тестирлөө болду (финансы жана экономика, маркетинг, IT адистиги).
  • II тур – 18 мартта болуп өттү. Бизнес-кейстер боюнча ачык суроолорго онлайн чечимдер.
  • Финал -  26-27 мартта өттү. Оффлайн Bootcamp.   

Финалга 29 команда өттү, алар 48 саат ичинде компания тарабынан берилген маселелерди чечишти, өнүм жана чечимдерди иштеп чыгышты, андан кийин аларды жюрилердин мүчөлөрүнө көрсөтүштү. Акыркы өнүмдөр төмөнкү чөйрөлөрдө болушу мүмкүн: Fintech, E-commerce, green economy.  Биринчи орунду ээлеген команда - 1000$ алды, экинчи орун – 500$ жана үчүнчү орун – 300$.  Бирок баа жеткис тажрыйба, жаңы билимдер жана такшалма өтүү мүмкүнчүлүгү – катышуучулар үчүн эң баалуу сыйлык болду.

«Азия Банкынын FinIOlimp – BootCamp 2022» жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз жана бардык катышуучулар өздөрүнүн жөндөмдөрүн жана билимдүүлүгүн көрсөтүү менен мыкты деген жыйынтыктарын тартуулаганын белгилеп кетүү керек. Биздин банк билим берүү долбоорлорун колдоого жана жаңы муундун таланттуу жана ар тараптуу өнүккөн жаштарына салым кошууга ар дайым даяр.

 

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию