«Азия банкы» ЖАК камкордукка алынган ардагерлерди Карылар күнү менен куттуктады!
Алар Ата мекенди коргоо үчүн өз жандарын тобокелдикке салган; эркиндик жана көз карансыздык үчүн күрөшкөн; алар – кайраттуулуктун үлгүсү. Алар – Улуу Ата мекендик согуштун баатырлары.
Көптөгөн жылдар бою биз ардагерлерди колдоп, аларга квартал сайын материалдык жардам көрсөтүп, алардын ар кандай суранычтарын жана кайрылууларын аткарып келебиз. Жакшы салтты улай, бул жолу да Карылар күнүнө карата аларды зыярат кылып келдик.
Карылар күнү барыбызга убакыттын үзгүлтүксүз байланышын эскертип, бүткүл муундарды бириктирет. Майрамыңыздар менен куттуктап, Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, сергектик жана күч-кубат жана бакубатчылык каалайбыз! Ар дайым жаныңыздарда жакын адамдарыңыз Сиздер менен бирге болсун.