• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Банк Азии» ЖАК эшиги бардык каалоочулар үчүн ачык

27 июнь, 2017-жыл

Өткөн жекшембиде акыркы курстагы студенттер үчүн  Киев көчөсү, 192 (Шевченко көч. кес.) дареги боюнча «Банк Азии» ЖАКтын жаңы заманбап кеңсесинде  Ачык эшиктер күнү уюштурулду. Кызматкерлер кеңсе боюнча экскурсия жүргүзүштү: операция залын, кассалардагы атайын лифтти, ок өтпөс айнектери  менен кайтарылуучу депозитарийди жана  кардарлардын баалуу буюмдарын сактоо үчүн ыңгайлуу сейфтерди көрсөтүштү. Экинчи жана үчүнчү кабаттгы иш бөлмөлөрдө жүрүп жаткан банк бөлүмдөрүнүн жумушчу атмосферасы көрсөтүлдү.

Экскурсиядан кийин меймандарды атайын чакырылган ИТ-коммуникациялар чөйрөсүндөгү спикерлер күтүп жатышты.  Павел Бастов – чакан насыя компаниялары жана банктар үчүн программалык чечимдерди иштеп чыгуучу эл аралык финтек Open CBS компаниясынын техникалык директору. Андан тышкары Калыбек Акматов – электрондук сервистерди сатуу жана мамкызматтарды алуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча мамлекеттик органдар, бизнес секторлор жана жарандык коомдор менен иштөөчү Маалыматтык технологиялар жана байланышуу мамлекеттик комитетинин  электрондук  кызматтар  бөлүмүнүн башчысы. 

Андан тышкары биздин адистер: жаңы маалыматтык технологияларды киргизүү бөлүмүнүн башчысы Мира Абдиметалиева жана башкармалыктын төрагасынын орун басары Мыктыбек Шокенов скраммингав ишти киргизүү боюнча мини-сессияларды өткөрүштү.

Меймандар жаңы кеңсе, ошондой эле банктын ишинин ички процесстери менен таанышып чыгышты. Иш-чаранын аякташы менен бизге колдоо көрсөткөн спикерлерге чакан белектерди,  ыраазычылык каттарын тапшыруу менен ыраазычылык билдирдик.

Экинчи кабаттагы конференц-залда банктын атынан «Тоо ханы» апхилл-ивентеги фотоконкурстун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Конкурстун шарты боюнча «Банк Азии» банкынын  фотостендеринде максималдуу креативдүү сүрөттөр жасалат, банктын кызматкерлери жеңүүчүлөргө белектерин тапшырып, кеңсе боюнча экскурсия менен коштолгон чай ичүү аземи  уюштурулду. 

 

 

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию