Жаңы "Киев" филиалында мини-MBA KRJC бир күндүк лекциясы өткөрүлдү
«Банк Азии» ЖАКтын кызматкерлери Владислав Тен, Жыпара Саттарова, Назгүл Кулматова жана Азамат Асанакунов бизнести жүргүзүүнүн башкаруучулук көндүмдөрүн япон KRJC борборунун үч айлык мини-MBA курстарында бизнестин түрдүү тармактардагы ири компаниялардын ишкерлери жана менеджерлери менен биргеликте өнүктүрүп жатышат. Курстун жыйынтыгы болуп эсептелген жана иш жүзүндө иштеген бизнес-план саналат. Биз келечекте жаш жана активдүү бизнесмендер менен кызматташуу идеяларына демилгеленип, Киев көчөсү, 192 дареги боюнча «Банк Азии» ЖАКтын жаңы заманбап кеңсесинде бир күндүк окутууну KRJC сунуштадык.
Банктын адистери курсташтарына КР коммерциялык банктарынын рейтингин тааныштыруу менен банк системасынын эффективдүүлүк көрсөткүчтөрүн финансылык талдоонун мисалында финансылык менеджменттин өзгөчөлүгү жөнүндө түшүндүрүштү, ал эми тажрыйбалуу сенсей Бан Сан ««Банк Азиинан» насыяны кантип алуу керек?» деген ролдук оюнун өткөрдү. Кызматкерлер насыя эксперттери катары катышты. Ынтымактуу жана достук маанайда меймандар банкта насыя алуунун бардык процесси менен тааныша алышты.
«Банк Азии» ЖАКтын демилгелерин жана идеяларын колдогондугу үчүн Бан Санга, KRJC кызматкерлерине жана жаш бизнесмендерге чоң рахмат! Биз үчүн курсташтарыбыз - учурдагы жана келечектеги бизнесмендерди биздин банктын кардарлары катары көрүү чоң урмат!