• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Банк Азии» ЖАКтын адиси өлкөнүн ири компаниялары үчүн HR чебер-класс өткөрдү

20 май, 2017-жыл

Эл Груп Консалтинг  персоналды башкаруу чөйрөсүнүн алкагында HR кесипкөйлөрүн  жаңылоо жана  кесипкөйлөрдү экспертизалоону кеңейтүүгө багытталган «HR-Чебер» кесипкөйлөрдүн  жолугушууларын өткөрөт.

19-майда «Банк Азии» ЖАКтын персоналды башкаруу бөлүмүнүн башчысы Жыпар Саттарова компенсациялар жана жеңилдиктер боюнча чебер класс өткөрдү (C&B системасы). Консультанттын сөзү боюнча: «Бул багыт  бардык уюмда маанилүү жана керектүү, анткени компанияларга бизнести өнүктүрүүгө караганда персоналдар үчүн C&B системасын киргизүү чоң чыгымды алып келет. Бирок жогорку эффективдүү кызматкерлерди издөө, ишке тартуу жана кармап калуу зарылдыгынын натыйжасы боюнча көпчүлүк компаниялардын жетекчилери C&B системасын HR түзүмүнө киргизүүнүн  маанилүүлүгүн түшүнө башташты».

Чебер класста Жыпар Саттарова жеке өзү иштеген компаниялардагы тажрыйбасынын негизинде  компенсациялардын жана жеңилдиктердин системасын киргизүүнүн базалык куралы катары грейдирлөө системасын  жана эмгек  акылардын  түзүмүн  иштеп  чыгуу,   киргизүү тажрыйбасы менен бөлүштү.

Бет ачар Жыпара тарабынан иш жүзүндө, мисалы, эл аралык телекоммуникациялык ТМ Beeline компаниясында, тоо кен казуучу  KAZMinerals Bozymchak  компаниясында жана Банк Азии финансы компаниясында, анын ичинде  UNDP, GIZ, Улуттук банк үчүн долбоорлордо C&B консультант катары иштеген тажрыйбалары боюнча  мисалдарга  негизделген.

Чебер-класстын катышуучуларынын көпчүлүгү «KAZ Minerals Bazymchak» ЖЧК, «Финка Банк» ЖАК, «ДКИБ» ЖАК (Демир Кыргыз Интернешнл Банк), «ФинансКредитБанк» ААК, GIZ, «Elite House» ЖЧК, «Экопродукт Азия» ЖЧК жана «Альянс Алтын» ЖЧК сыяктуу белгилүү  компаниялардын  жана  банктардын өкүлдөрү.        

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию