8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайбыз!
Аялдардын эл аралык күнү — сиздерге көңүл бөлүп, каалоо айтып, камкордук көрүп, сүйүү арноого мүмкүнчүлүк берген сонун майрам. Табият сиздерге өзгөчө сулуулук, түгөнбөс энергия жана турмуштук акылмандыкты берген. Үй-бүлөлүк очокту сактап, кесиптик ишмердикте бийиктиктерге жетишип, ошол эле учурда дайыма жаш жана сулуу боло аласыздар. Бул жашоодо таң калтыруу менен сыймыктандырууну токтотпоңуздар. Бакыт, тынчтык жана бакубаттык каалайбыз. Ар дайым ийгилик коштоп, бактылуу болуңуздар, ойлогон максатыңыздар ишке ашсын. Жан-дүйнөңүздөрдө дайым майрам болуп, жаз мезгили ар бириңиздердин кыймылыңыздарды коштоп жүрсүн.