• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Банк Азии» ЖАКтын кызматкерлери KPMG шахматтык турниринде 2-орунду ээлешти

15 май, 2017-жыл

13-майда  Бишкек шаарындагы «Сити» отелдин «Ала-Тоо» залында  саат 10.00дө  шахмат боюнча  KPMG  Премьер-Лигасынын үчүнчү чемпионаты өткөрүлдү.  

Турнирге  Кыргызстандын 18 компаниясы, алардын ичинен  7 – коммерциялык банк: Бай-Түшүм банкы,  Бакай  банкы, Улуттук банк, Демир банкы, Айыл банкы, Оптима банкы  жана Азии банкы  катышты.

Банктан турнирге Башкармалыктын төрагасы  Алдаяров Н.Н.,  анын башкы бухгалтери Шокенов М.К., комплайенс башчысы Казаков М.Т.  жана  бизнести өнүктүрүү  бөлүмүнүн аналитиги  Сдельников А.А. катышты.

Бишкек шаарында  шахмат боюнча  KPMG  Премьер-Лигасынын Үчүнчү чемпионатынын жыйынтыгы боюнча командалык  жана жеке  эсепте  жеңүүчүлөр  аныкталды.  Командалык зачетте биринчи орунду жана кубокту өткөн жылдын KPMG чемпионатынын жеңүүчү командасы «Электр станциялары» ААК; экинчи орунду «Банк Азии» ЖАКтын  шахматчылары  ээледи, үчүнчү орундун ээси "Sky Mobile" команда #1 ЖЧК саналат. 

Биздин  шахматчылар командасын куттуктайбыз!   

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию