Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү!
Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү менен куттуктайбыз!
7-8-ноябрь – тарыхыбыздагы тагдыр чечкен окуяларды эске салган маанилүү майрам.
Ата-бабаларыбыз кыйын кезеңдерди башынан кечирип, кылымдар бою элибиздин атын, байыркы тилибизди, маданиятыбызды сактап келишти, көз карандысыз Кыргызстандын түзүлүшүнө жана чыңдалышына салым кошушту.
Бул күндөрү ата-бабаларыбызга башыбызды ийип таазим кылабыз, алардын жаркын элесин жадыбыздан чыгарбай, алардын алдында өлкөбүздүн келечеги үчүн тарыхый жоопкерчилигибизди сезебиз!