• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Банк Азии – Finolimp 2020» Жайкы Кубогунун финалы

01 июль, 2020-жыл

 27-июнда онлайн форматта өткөн «Банк Азии – Finolimp 2020» жайкы кубогунун көптөн көткөн финалы болду. Долбоордун максаты болуп өсүп келе жаткан муунду кесиптик багыттоо, таланттуу жаштарды аныктоо жана ишке орношууга көмөктөшүү болуп эсептелет. Финалдык бизнес-кейстин жана кубоктун жалпы милдети, сынчыл ойломду, аналитикалык жөндөмдү ачууга жана командада иштей алууга өбөлгө болду.

Финалчылар алдына коюлган милдеттерди жакшы аткарышты: азыркы кырдаалга ыңгайлашып, татыктуу иш жүргүзүштү жаа ушул бизнес-кейстерге өз чечимдерин онлайн презентация кылышты. Жеңүүчүнү курамына «Банк Азии» ЖАКтын бизнести өнүктүрүү боюнча директору Владислав Виссарионович Тен кирген компетенттүү калыстар аныктады. Алынган жыйынтыктар боюнча   Алтынай Эркимбекова, Бактыбаев Рахат, Анаркулов Ринат, Кубатбекова Нурайым командасы жеңишке жетишти. Калыстар тобунун мүчөлөрү өзүн жана өз билмдерин көрсөткөн айрым балдарды бөлүп көрсөтүштү.

«Банк Азии» ЖАК билим берүү демилгелерин кубануу менен колдойт, анткени бул компаниянын корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин артыкчылыктарынын бири. Жайкы кубокту өткөрүү жаэы муундагы ар тараптуу өнүккөн жаштарды калыптандырууга салым болуп эсептелет жана алар коомдун негизги экономикалык жана социалдык проблемаларын чечүүгө тартылат.

 

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию