• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Жеӊиш күнү менен!

09 май, 2020-жыл

Урматтуу ветерандар жана мекендештер,

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 75-жылдык мааракеси менен куттуктайбыз.

9-май ыйык жана маанилүү күн. Бул күнү биздин жоокерлер Мекенин коргоп, жеӊишти багындырган күн. Согуш убагында өз жанын берген жоокерлердин жаркын элесин жүрөгүбүзгө ыйык тутуп келебиз.

75 жылдан бери үстүбүздө ачык асман, жашообузда тынччылык жана бейпилдик орноп, жашообузду өнүктүрүп, балдарыбызды тарбиялап келебиз. Жылдар өтүп, жаӊы муун чоӊойуп келет, бирок Улуу Жеӊиш элеси эсибизден кетпей, жүрөгүбүздө жашап келет.

Жеңиш үчүн фронтто фашисттик баскынчыларга каршы эрдик менен күрөшкөн биздин ата-бабаларыбызды жана тылда жанын аябай эмгектенгендерди биз чексиз ыраазычылык менен эскеребиз. Аларга таазим кылабыз.

Урматтуу ветерандар, сиздерге таазим этип, эрдигиӊер, ачык асман үчүн жан аябай думшан менен күрөшкөнүӊөр үчүн ыраазычылык билдирип, сиздерге чын ден соолук, узун өмүр жана бакыт-таалай каалайбыз.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию