Күрөөгө коюлган мүлктү сатуу
«Банк Азии» ЖАК өсүмдүк майын жана күнжараны өндүрүү боюнча мурунку цехти сатуу жөнүндө жарыялайт. Курулуштун жалпы аянты 685 кв.м. түзөт, алардын ичинен 511 кв.м. – кызматтык жайларды, цехтерди жана куючу бөлмөнү камтыган бүтүн кампа. Объектиде өсүмдүк майын өндүрүү үчүн жабдык бар. Цех аянты 1 512 кв.м. ижараланган жер участогунда жайгашкан.
Объект Бишкек ш., Мир пр., 303, «Бишкек» ЭЭP дареги боюнча жайгашкан. Мөөнөтүн узартып сатуу жолдору да каралат. Суроолор боюнча 0550 911 006 телефонунун номери аркылуу кайрылыңыздар.