Пенсионерлер жана жөлөк пул алуучулардын «Элкарты» акысыз тейленет
Урматтуу кардарлар,
Улуттук банктын башкармалыгы 2020-жылдын 9-апрелинде чыгарган токтомго ылайык, пенсионерлер «Элкарт» төлөм картасынан акча алган учурда, ал карта кайсы банкта ачылган, же пенсионер кайсы банкта тейленээрине карабастан, картадан акча алганда комиссия алынбай турганын «Азия Банкы» ЖАК билдирет.
Ошондой эле социалдык жөлөк пул алгандар да «Элкарт» картасынан акчаны комиссиясыз алса болот.
Урматтуу пенсионерлер жана жөлөк пул алуучулар, «ЭЛКАРТ» картасынан акчаны акысыз алуу үчүн каалаган банкка же каалаган банкоматка кайрылсаӊыздар болот.