Эми айып пулдарды банктын POS-терминалы аркылуу төлөө ыңгайлуу
«Банк Азии» ЖАК Элкарт магниттик карталарынан чип карталарына өтүп баштагандыгына байланыштуу КР ИИМ ГУПМ айып пулдарды төлөө үчүн буга чейин банк тарабынан берилген POS-терминалдары өркүндөтүлүп, айып пулдарды төлөө тез жана ыңгайлуу болуп калды. Белгилөө керек, Элкарт-чиби коргоонун максималдуу талаптарына жооп берет.
Бул жумадан баштап биздин кызматкерлер КР ИИМ ГУПМ кызматкерлерин карта боюнча айып пулдарды кантип төлөө жана карта кармоочуларды кантип ыкчам тейлөө керектигин түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.