23-25-мартта Башкармалыктын кеңейтилген жыйыны болуп өттү
23-25-мартта директорлордун, жетекчиликтин, бөлүкчөлөрдүн жана филиалдардын директорлор кеңешинин катышуусунда 2016-жылдын жыйынтыгын чыгаруу менен Башкармалыктын кеңейтилген жыйыны болуп өттү, андан тышкары 2017-жылдагы биринчи эки айлык ишмердиги талкууланды. Өзгөчө көңүл маалыматтык коопсуздукка жана филиалдар менен банктын башкы кеңсесинин өз ара аракеттенүүсүнө бөлүндү.
Башкармалыктын акыркы күнүндө бардык кызматкерлер жана топ-менеджерлер үчүн атайын тартылган машыктыруучу Эркин Жаманбаевдин катышуусунда башкаруу жана лидерлик боюнча тренинг өткөрүлдү. Эркин Жаманбаев өз кезегинде жеке эффективдүүлүктү көбөйтүүнүн сыры жана тайм-менеджментти туура колдонуунун негиздери менен бөлүштү.