• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

РӨЕБ гранттык техникалык жардамы тууралуу кыскача маалымат

01 июль, 2016-жыл

«Азия Банк» ЖАК өзүнүн ишмердүүлүгүндө кардарлардын ишеничин актоого умтулат, ошондуктан тейлөө кызматынын жана бизнес-процесстеринин сапатын жогорулатуу Банк үчүн приоритеттүү милдеттеринин бири болуп саналат. Ошентип, бүгүнкү күндө Эрте Өткөөл Мезгилдеги Өлкөлөрдүн Фондунун колдоосу жана каржылоосу менен банкта Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Европа Банкынын– «Азия Банк» ЖАК: микро, чакан жана орто бизнести насыялоо үчүн институционалдык мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө” долбоору ишке ашырылууда.

ДОЛБООРДУ ИШКЕ АШЫРУУНУН МАКСАТЫ

2014-жылы РӨЕБ колдоосу менен «Азия Банк» ЖАК чакан жана орто бизнестин ишканаларын насыялоонун жана кызматкерлерди окутуунун ички эрежелерин жана жол-жоболорун жакшыртуу аркылуу чакан жана орто бизнестин ишканаларын насыялоо менен байланышкан банктын тобокелдиктерди баалоо жана башкаруу жөндөмдүүлүгүн күчөтүүдөн турган консультациялык жардам алган. Банктын уюштуруу компонентин түзүү процессин аяктоо үчүн Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Европа Банкы менен Банк тарабынан төмөнкүдөй тейлөө кызматтарын алуу үчүн жаңы консультантты тандоо максатында тендер жарыяланган:

  • тобокелдиктерди башкаруу системасын жакшыртуу; бизнестин нормалдуу иштөөсү үчүн операциялык өнүмдүүлүктү жана көзөмөлдөө функцияларын жогорулатуу;

  • ички аудиттин жана көзөмөлдөөнүн жол-жоболорун жана эрежелерин өнүктүрүүдө жардам;

  • адистештирилген банк кызматкерлерине чакан жана орто бизнес ишканаларын насыялоо темасы боюнча окутуу;

  • бизнести өнүктүрүү менен байланышкан башкаруу сапаты маселесин колдоо үчүн отчеттуулукту берүү жана өндүрүмдүүлүктүн сапатын жогорулатуу;

  • чакан жана орто бизнес ишканаларын насыялоо үчүн продутыларды оптималдаштыруу.

Тендердик комиссиясы тарабынан өткөрүлгөн тандоонун натыйжасында АксесХолдинг банктарынын тармагын башкаруучу жана дүйнө боюнча башка каржы институттарына техникалык комөктөшүүнүн алкагында тейлөө кызматтарын көрсөтүүчү немец компаниясы LFS FinancialSystemsGmbH – консалтинг жана башкаруучу комапаниясы (тузүлгөн жылы - 1997) жеңүүчү болуп чыкты.

ДОЛБООРДУН УЗАКТЫГЫ 12 АЙДЫ ТҮЗӨТ

Ошондой эле белгилей кетчү нерсе, бүгүнкү күндө ички аудитти, көзөмөлдөөнү жана тобокелдиктерди башкарууну күчөтүү маселеси өлкөдө да, чет мамлекеттерде да экономикалык абалдын туруксуздугу менен байланышкан Банк үчүн өзгөчө актуалдуу жана приоритеттүү мааниге ээ. Ушул долбоорду ишке ашыруу Банкка ички көзөмөлдөө, аудит жана тобокелдиктерди башкаруу тарабынан насыя процесстерин жакшыртуу мүмкүндүгүн гана бербестен, ошондой эле Кыргыз Республикасында чакан жана орто бизнес ишканаларын мындан ары өнүктүрүү үчүн рынокко жаңы насыя продуктыларын иштеп чыгууга көмөктөшөт.

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию