• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Тарых жана бабаларды эскерүү күнү

07 ноябрь, 2022-жыл

Тарых жана бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайбыз!

7 жана 8-ноябрь күндөрү Кыргызстанда биз көп кырдуу тарыхыбызга арналган маанилүү майрам белгиленет. Советтик жана кыргыз тарыхынын барактарында көптөгөн урунттуу– салтанаттуу жана трагедиялуу учурлар бар жана биз ушул эки күндү биз бабалардын элесине таазим этип эскеребиз.

Октябрь революциясы кыргыз элин өзүнүн мамлекеттүүлүгүнө ээ болуусу үчүн өбөлгө болду. Бирок акыркы жылдары 7-ноябрь мурдагы маанисин жоготуп бараткандай. 1916-жылкы улуттук боштондук үчүн болгон көтөрүлүштү жана көптөгөн адамдардын өмүрүн алып кеткен трагедиялуу окуяларды, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революциясын, XX кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерин обьективдүү тарыхый баалоо максатында биз ушул даталарды майрамдайбыз.

Советтик өнүгүү мезгилиндеги Кыргызстан элинин турмушунда болуп өткөн позитивдүү өзгөрүүлөргө тиешелүү баасын берүү менен, анын оош-кыйыштуу учурларын да эскеребиз, анткени XX клымдын биринчи жарымындагы окуялар өз ара тыгыз байланышта эмеспи.

Келгиле, өз алдынчалуулугубузду унутпастан, бул даталарды, өз өлкөбүздүн өткөнүн жана тарыхын эскерели!

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию