• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

FinOlimp каржылык олимпиадасынын жеңүүчүлөрү аныкталды

22 апрель, 2019-жыл

Кыргызстандагы алгачкы FinOlimp-2019 каржылык олимпиадасынын финалы 21-апрелде “Орион” отелинде өттү. Иш-чара өлкөдөгү экономикалык окуу жайлардын студенттери жана 23 жашка чейинки жаш кесипкөйлөр үчүн PRO KG кесипкөйлөр клубу жана Good Solutions Group тарабынан уюштурулган. Олимпиадага “Азия Банкы” башкы өнөктөш, ал эми демилге жагынан шыктандыруучу катары Алмаз Эдилбаев болду.

Олимпиадага катышуу студенттер үчүн биринчи кезекте табылгыс тажрыйба, жаңы билим жана кыялындагы ишке орношууга эң сонун мүмкүнчүлүк. Эң күчтүүлөр жеңүүчү болуп табылды, бирок, катышуучулардын ар бири финансисттик кесипте гана тургай, күнүмдүк тиричиликте да пайдасы тийчү иш менен айкалышкан билимге ээ болгону талашсыз.

Олимпиаданын башкы максаты – келечекте коомдун экономикалык жана социалдык көйгөйүн чече турган жаш муундун ар тараптуу өнүгүшүн өбөлгөлөө үчүн каржы боюнча билимди жайылтуу. "Азия Банкы" жөндөмдүү студенттерди жана жаштарды таап, аларга каржылык жактан жардам көрсөтүп, ишке жана кесиптик такшалма үчүн орношуусуна көмөк көрсөттү.

"Өлкөдөгү чоң көйгөйдүн бири – жогорку окуу жайлары адистерди жапырт чыгарып, а бирок, алардын 70-80 пайызы иш таба албай, чет өлкөгө агылууда. Ошол эле учурда иш берүүчүлөр жакшы адистердин жоктугуна наалынат. Каржылык олимпиадасы сымал иш-чаралар дал ушул бөгөттү жое алат" – деп белгиледи КР Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров өз сөзүндө.

Эске салсак, олимпиада үч баскычта өтүп, биринчи жана экинчи айлампасында тестирлөө, окуу тренингдери, мастер-класстар өткөрүлдү, алар мурда Бишкектин ири окуу жайларында да уюштурулган. Үчүнчү, жыйынтыктоочу айлампасында "Азия Банкынын" кызматкерлери финалга чыккан катышуучуларга атайын кейс даярдашкан. Анда башкы маселе насыялык топтомду оптималдаштыруу аркылуу белгилүү бир мезгил ичинде банктын эң көп киреше көрүүсүн камсыз кылуу болгон. Калыстар алынган кирешенин көрсөткүчтөрүнө эле эмес, балдардын командада иштей билүү жөндөмүнө, даярдаган презентация жана тандап алган стратегиясына да баа беришти.

"Кейстердин жакшы жагы – алардын баары турмушка ылайыкташтырылган. Класста отуруп алып, теорияны жаттай берүү – башка кеп. Ал эми анык бир маселени чечүүгө аракеттенүү – бөлөк иш. Кейс – теориядан практикага жакындаштыра турган курал" – деп атады калыстар тобунун мүчөсү, Евразиялык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын башкы банкири (Евразиялык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлү) Азамат Ибраимов.

Бардык 5 команда тең берилген тапшырманы аткарышты. Кээ бир учурда алар өз билим деңгээлин гана тастыктабастан, кейстерди чечүүдө бөтөнчө бир жол таап көрсөтүштү. Олимпиада 18 жаштан 23кө чейинки студент жана кесипкөйлөр гана үчүн уюштурулса да, финалисттердин арасында 17 жана 16 жаштагы жаш таланттуу балдар айырмаланып, өзүнчө сыйлыктарга ээ болушту.

Жеңүүчү болуп табылган команда “Азия Банкынан” башкы байгеге татып, 500 АКШ доллары менен сыйланды. Андан тышкары эстелик медалы, диплом, жылдык бекер тейлөө менен VISA GOLD картасын акысыз ачууга сертификат, ошондой эле кооз азем буюмдарын белекке алышты.

Айтор, финалга чыккан 25 катышуучунун эч бири белексиз кеткен жок, олимпиаданын жүрүшүндө айрыкча активдүүлүгү менен айырмалангандарга өзгөчө грамота жана белектер берилди.

"Албетте, акчалай жана башка байгелер балдардын олимпиадага катышуусуна жакшы өбөлгө, бирок, катышуунун өзү – алардын билим алуусуна жана жакынкы келечегине эң мыкты салым. Билимге сугарылган жаштар – бул билимдүү, экономикалык жактан өнүккөн Кыргызстан. Биз ушуга жетишүүгө умтулуп келебиз. Бул маселенин олуттуулугун эске алуу менен биз тренингдерди өткөрүү жана олимпиада чыгымдарын өз мойнубузга алдык" деп жыйынтыктады "Азия Банкынын" бизнести өнүктүрүү боюнча директору Владислав Тен. Андан соң ал келерки аптага бардык финалисттерди банкка чакырды. Аларга мындан аркы практика жана такшалма иши сунушталмакчы.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию