“Мобильник” ЖЧК төлөм тутуму менен кызматташуу токтоду
Урматтуу кардарлар,
2018-жылдын 7-декабрынан тарта “Мобильник” ЖЧКсынын төлөм терминалдары жана “МобильникДеньги” электрондук капчыгы аркылуу банк кызматтары, салык төлөмдөрү, жол эрежесин бузууда салынган айыптарды кабыл алуу убактылуу токтотулган.
Тилекке каршы, "Азия Банкы" 2019-жылдын 7-февралында аталган ишкана менен келишимин бузду.
Ушул тапта банк жана мамлекеттик кызматтардын акысын сиздер биздин банктын терминалдарынан төлөй аласыздар. “Азия Банкынын” төлөм терминалдарынын тизмесин бул жерден таба аласыздар.