Жаңы жылыңыздар менен!
Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр,
Сиздерди жаңы 2019-жылыңыздар менен куттуктайбыз!
Билинбестен мына 2018-жыл да аяктап барат – 20 жыл толгон “Азия Банкынын” мааракелик жылы.
Ушул жылдар аралыгында биз менен бир болгонуңуздар үчүн чексиз ыраазыбыз. Босогодо турган жылда бардык максаттар ишке ашып, жетишкендиктер жүз эселенсин!
Тандооңуздар жана ишеним артканыңыздар үчүн сиздерге ырахмат!
Жаңы жыл бакубат жылдардан болсун!
Изги тилектери менен,
“Азия Банкы” ЖАК Башкаруу
тобунун төрайымы
Атакишиева З.А.