• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Азия Банкы» корреспонденттик түйүнүн кеңейтүүдө

13 ноябрь, 2018-жыл

Урматтуу кардарлар,

Сиздерге жагымдуу жаңылыгыбыздан бөлүшкүбүз келет – биздин банк KB Kookmin Bank түштүк кореялык банкында АКШ долларында эсеп ачуу менен сиздер үчүн корреспенденттик түйүнүн кеңейтти. KB Kookmin Bank Түштүк Кореядагы KB FinancialGroup үлкөн каржылык тобуна кирет.

KB Financial Group Түштүк Кореядагы каржылык кызматтарды көрсөтүүдө алдыңкы сапта, каржылык өндүрүм жана кызматтардын кеңири түрүн сунуштайт. Топ 2008-жылыmкөз ирмемде өзгөргөн бул дүйнөдө кардарларды мыкты тейлөө, өсүштү камсыз кылуу жана баалуулукту жогорулатуу үчүн негизделген.

Топтун алкагында 12 тектеш компания камтылат, курамына төмөнкүлөр кирет: KB KookminBank, KB Securities, KB Insurance, KB Kookmin Card, KB Life Insurance, KB Asset Management, KB Capital, KB Sberbank, KB Real Estate Trust, KB Investment, KB Credit Information жана KB Data Systems.

KB Kookmin Bank Түштүк Корея боюнча 1132 филиалга жана Кытай, Камбоджа, Мьянма өңдүү үч өлкөдөгү бөлүмдөргө ээ.Аталган каржылык топтун эң негизги бөлүгү болуп бул уюмдун көзгө басар мүчөсү KB Kookmin Bank эсептелет, анын башкы штабы Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында жайгашат. Банк өз ишмердигин 1963-жылы баштаган.

KB Kookmin Bank акциялары Нью-Йорктун жана Түштүк Кореянын биржаларында сатылат, ал эми банктын активдери 310 миллиарддан ашуун долларды түзөт.


Moody's рейтинг агенттигинин маалыматтарына ылайык, KB Kookmin Bank насыя жөндөмдүүлүгү боюнча А1 рейтингине ээ, бул макам банктын эң жогорку каржылык туруктуулукка жана жогорку деңгээлдеги ишенимдүүлүккө ээлик кыларын айгинелейт.

Ошентип, «Азия Банкы» ЖАК KB Kookmin Bank менен өнөктөштүктө дүйнөлүк аты бар өнүккөн банктардын деңгээлинде өз кызматтарын сунуштайт, бул өз кезегинде биздин кардарларга төлөмдөрдү иштеп чыгуунун ыкчамдыгын, төмөнкү бааны жана дүйнөлүк стандарттарга бап сапатты тартуулайт.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию