Жаңы Башкаруу тобунун мүчөсү
2018-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Таиров Медет Маратовичтин талапкерлигин “Азия Банкы” ЖАКтын Башкаруу тобунун мүчөлүгүнө бекитти.
Таиров Медет Маратович
2008-жылы Кыргыз-Россия Славян университетин бакалавр менен аяктап, андан ары билим алууну уланткан. 2010-жылы экономика магистри даражасын алган. Жалпы эмгекчыйырын 2006-жылы баштап, 2011-жылдан бери банк тармагында эмгектенип келет.
“Кыргыз Инвестициялык-Кредит банкы” ЖАК жана “Айыл банк” ААКта бизнести өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басарлыгын аркалаган. Мындантышкары, эки жыл аралыгында Дүйнөлүк банктын Азербайжан жана Борбордук Азияда электрондук жана санарип каржылык кызматтарды өнүктүрүү боюнча долбоорунда консультант болуп иштеген.
2018-жылдын сентябрынан тарта “Азия Банкы” ЖАКтын Башкаруу тобунун мүчөсү.