«Банк Азии» ардагерлерди Карылар күнү менен куттуктады
Урматтуу пенсионерлер жана ардагерлер,
«Банк Азии» сиздерди Карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Сиздер – эң акылман, тажрыйбалуу, сүйүктүү жана кымбаттуусуздар, дал ушул сиздерден биз кеңеш жана колдоо сурап, сиздерден энергия алып, оптимизмге үйрөнөбүз.
Жаш курак – бул чектөө эмес, болгону жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай кадам. Сиздер чыныгы жашоонун сырын билесиздер. Биз сиздерден жашоонун сырын үйрөнөбүз.
Сиздер – баалуулуктардын жана каада-салттардын сактоочусу болосуздар. Жаш куракка карабастан эмгектенип, жаштарды да үйрөтүп, адамгерчиликке жана эмгекчил болууга үйрөтүп келесиздер.
Карылар күнү – Кыргызстандын келечеги үчүн салым кошконуңуздар үчүн ыраазычылык билдирүүгө маанилүү себеп. Сиздерге чын ден соолук, амандык жана бакыт!
Үй-бүлөңүздөрдүн, балдарыңыздардын жана неберелериңиздердин урмат-сыйын көрүп жүрө бериңиздер!
Сиздерге узак өмүр каалайбыз!