• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Азия Банкы» Кыргыз Республикасында Улуттук эсептешүү депозитарийи сервис-бюросунун алгачкы кардарынан болуп калды

17 июль, 2018-жыл

«Азия Банкы» ЖАК (Кыргыз Республикасы) жана Улуттук эсептешүү депозитарийи ушул депозитарий аркылуу SWIFT глобалдуу түйүнүнѳ туташуу келишимине кол коюшту.

«Биз «Азия Банкы» ЖАКтын SWIFT системасы менен иштѳѳдѳ Улуттук эсептешүү депозитарий системасын тандап алганына кубанычтуубуз. Кардарлар үчүн жогорку ишеимдүүлүктү камсыз кылуу жана чыгашаларды оптималдаштыруу аталган депозитарийдин негизги кѳңүл бурган иш багытынан болуп саналат. Биз Борбордук Азияда технологиялык кызмат кѳрсѳтүүнү ѳнүктүрүү жагында олуттуу потенциал бардыгын кѳрүп турабыз жана региондо ушул багытта иш алып барууга даярбыз» деп белгилейт, аталган депозитарийдин технологиялык сервистер боюнча башкаруучу директору Александр Нам.

Депозитарий SWIFTтин сертификацияланган сервистик бюросу катары анын бардык мүмкүнчүлүгүнѳн коопсуз жана ишенимдүү шартта пайдалануу ыңгайлуу. Сервис-бюро аркылуу иш алып баруу адистештирилен программалык камсыздоолорду жана жабдууларды орнотуу, алардын ишин коштоп жүрүү зарылчылыгын жокко чыгарат, бул компанияларга ѳз чыгашаларын алда канча оптималдаштырууга ѳбѳлгѳ түзѳт.

 

«Сунушталып жаткан инфраструктуранын ишенимдүү жана коопсуз экендигине жана ал мындан ары да кызматташуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзѳ тургандыгын эске алуу менен «Азия Банкы» ЖАК SWIFT системасына ѳнѳктѳш катары дал ушул “Улуттук эсептешүү борбору” акционердик коомун тандап алган. Биздин ѳнѳктѳш эң оболу, ушул иш багытында олутуу тажрыйбага ээ экендиги жана анын баа саясаты алгылыктуулугу менен айрымаланат. Биз үчүн депозитарий санарип технологиясы, анын ичинде блокчейн технологиясы жагында сунуштап жаткан жаңы долбоорлору аркыллуу да кызыктуу. Биздин жалпы кызматташтык мындан ары да алда канча пайдалуу жана жемиштүү болооруна толук ишенем» - деп баса белгилейт «Азия Банкы» ЖАК  башкармасынын мүчѳсү Мыктыбек Шокенов.

Улуттук эсептешүү депозитарийи жѳнүндѳ маалымат

Бул депозитарий  «Московская Биржа» тобуна кирген борбордук депозитарий** статусуна ээ.

Депозитарий 1996-жылдын 27-июнунда түзүлгѳн. 2018-жылдын 31-мартына карата абал боюнча аталган депозитарийдин сактоосунда турган активдердин суммардык наркы 41,7 трлн руб. жеткен.  Депозитарий Россия банкы тарабынан системалуу олуттуу мааниге ээ эсептешүү депозитарий жана системалуу редепозитарий катары таанылган. Анын тѳлѳм системасы улуттук мааниге ээ система статусун алган.

Аталган депозитарий ѳз кардарларына депозитардык кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү, эсептешүү–кассалык тейлѳѳ, биржадан тышкары келишилген бүтүмдѳрдү каттоо (репозитарий), маалыматтык кызмат кѳрсѳтүүлѳр технологиялык сервистерди тескѳѳ кызматтарын кошо алганда, кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн кеңири түрмѳгүн сунуштайт.

Россия боюнча улуттук агенттик жана КМШ боюнча агенттикттерди алмаштырган мекеме статусуна ээ болуу менен бул депозитарий баалуу кагаздарга ISIN, CFI, FISN эл аралык коддорду ыйгарууга укуктуу, ошондой эле юридикалык жактарды идентификациялоочу эл аралык коддорду ыйгарууга ѳбѳлгѳ түзгѳн локалдык операциялык бѳлүм (Local Operating Unit, LOU) статусуна ээ (LEI).

Россия банкы бул депозитарийге «Улуттук эсептешүү депозитарийи тѳлѳм системасы» аталышында каттоодон ѳткѳн тѳлѳм системасынын оператору статусун ыйгарган.

Депозитарий баардык биржалык эсептешүүлѳрдү жана биржадан тышкаркы эсептешүүлѳрдүн олуттуу бѳлүгүн ишке ашырып, Россиянын сыяктуу эле, башка чет ѳлкѳлѳрдүн баалуу кагаздарын тейлѳѳгѳ алат. Бүгүнкү күндѳ аталган депозитарий сегиз ѳлкѳнүн борбордук депозитарийлеринде жана эл аралык эсептешүү-клирингдик борборлордо эсептерге ээ, ошондой эле ири чет ѳлкѳ жана Россиянын бир катар банктарында корреспонденттик эсептерди ачкан. Депозитарий 40тан ашуун ѳлкѳдѳн эмитенттердин баалуу кагаздарын тейлеп келет. Депозитарийге  Thomas Murray эл аралык рейтингдик агенттиги тарабынан АА деңгээлиндеги борбордук депозитарий рейтинги ыйгарылган.

Аталган борбордун иши тууралуу ырааттуу маалыматты www.nsd.ru сайтынан алууга болот.

**Аталган депозитарийге борбордук дедпозитарий статусу 2012-жылдын 6-ноябрында ыйгарылган, ага 2009-жылдын 9-февралында Россия Федерациясында депозитарийдик иш багытын жүзѳгѳ ашырууга баалуу кагаздар рыногунун кесипкѳй катышуучусунун № 12-2761/ПЗ-И лицензиясы берилген. Ал эми 2016-жылдын 4-августунда Россия Федерациясынын Борбордук банкы тарабынан ага банк операцияларын жүзѳгѳ ашыруу укугуна № 3294 лицензия,  2012-жылдын 20-декабрында клирингдик ишти жүргүзүүгѳ № 045-12042-000100 лицензия, 2016-жылдын 28-декабрында репозитардык иш багытын жүргүзүүѳ № 045-01 лицензиялар берилген.


Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию