«Банк Азии» ЖАК Башкармалыгынын жаңы мүчөсү дайындалды
2017-жылдын 29-декабрында «Банк Азии» ЖАК Башкармалыгынын мүчөсүнүн кызматына Тансходжаева Мария Камбарбековна дайындалды.
Мария Камбарбековна 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «Прикладдык математика» адистиги боюнча механика-математика факультетин аяктаган.
Жалпы эмгек такшалмасы 32 жылды түзөт, анын ичинен 20 жыл банк чөйрөсүндө иштеген. Эмгек ишмердигин инженер-программисттин кызматынан баштап. 12 жылдан ашык мамлекеттик жана жеке уюмдарда бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндө программист болуп иштеген.
1998-жылдан баштап банк чөйрөсүндө: «Айыл Банк» ААКта бизнес аналитик, насыя бөлүмүнүн башчысынын кызматын; «Кыргызстан» АКБ - финансы башкармалыгынын башчысынын, казына директорунун кызматын; «Залкар Банк» ЖАК – Башкармалыктын төрагасынын орун басарынын кызматын ээлеген.
Башкармалыктын мүчөсүнүн кызматын ээлегенге чейин Мария Камбарбековна 2012-жылдан баштап «Банк Азии» ЖАК Башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси кызматында эмгектенген.
Биз Мария Камбарбековнаны куттуктайбыз жана ишине ийгиликтерди каалайбыз!