«Азия банкта» ар жылы ѳткѳрүлүп турган кеңири отурму ѳттү
Банкта улам жаңы жѳрѳлгѳлѳр сунушталып турушу кадимки кѳрүнүшкѳ айланган. Алсак, 1, 2 жана 3-март күндѳрү банктын ар жылы ѳткѳрүлүп турган кеңири отурму ѳтүп, банк жетекчилиги, бардык филиалдардын директорлору катышып, иш жыйынтыгы чыгарылып, киийнки жылга иш пландары талкууланганды.
Кезектеги бул ѳкүлчүлүктүн бул жолугушуусу workshop жана brainstorming элементтерин пайдалануу менен жаңы форматта ѳткѳрүлгѳн. Кеңири отурум үч күнгѳ созулуп, орчундуу окуялар жана маанилүү маселелерди талкуулоо менен толукталган.
Отурумдун жүрүшүндѳ банк жетечилиги, анын бардык катардагы кызматкерлери кеңири белгилүү тренер Джона Шоулдун жетекчилиги алдында ѳткѳн «Өмүр бою ишенимдүү кардар» темасына арналган семинарга катышып, банктын 20 жылдык мааракесине арналган Quiz Night интелектуалдык оюунунун катышуучусунан болушкан.
Отурум интлектуалдык оюундун, «Үй ээси» долбоорунун жйынтыгы боюнча жеңүүчүлѳргѳ салтанаттуу маанайда сыйлыктарды тапшыруу аземи менен жыйынтыкталган. Ушул долбоор боюнча ырааттуу толук маалыматты жакын арадагы маалыматтарда жарыялай тургандыгыбызды эскертип кетмекибиз.